• Башкы бет
  • Өзгөндө маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетке 1,5 млн.сомдук зыян келтирген
15:23, 2022-ж., 5-октябрь

Өзгөндө маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетке 1,5 млн.сомдук зыян келтирген

Өзгөндө маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетке 1,5 млн.сомдук зыян келтирген

Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетке 1,5 млн сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызмат адамдары 2018 — жана 2021-жылдын ичинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Анда жогорулатылган эсеп менен айрым аймактык маданият үйлөрүнүн жетекчилерине мыйзамсыз айлык акыларды төлөп келишкен.

Ошондой эле, иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык акыларды чегеришип, акча каражаттарды өздөрү алып жүрүшкөн.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам, мамлекетке жалпы 1 млн 526 миң 859 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча облусттук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337- беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголгон. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...