• Башкы бет
  • УКМК: баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жаран кармалды
15:21, 2022-ж., 5-октябрь

УКМК: баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жаран кармалды

УКМК: баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан жаранды кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Ош облусунун 61 жаштагы тургуну болгон.

«Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүлгөн. Натыйжасында 2 кг баңги затын сатууга аракет кылган жаран кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...