• Башкы бет
  • Талант Мамытов төрагалык кызматтан кетти
11:50, 2022-ж., 5-октябрь

Талант Мамытов төрагалык кызматтан кетти

Талант Мамытов төрагалык кызматтан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Мамытов бул жеке чечими экенин, ага жакында парламенттеги окуя себеп болгонун айтты.

«Мен жеке өзүм чечим кабыл алдым. Ага себеп катары жакында парламенттеги окуя болду. Аны кээ бир депутаттарыбыз айтып, ЖМКлардан чыгып кетти. Мен ошондо чечим кабыл алып, арызымды жазып, Баткенге кетейин дедим эле. Бирок, силердин суранычыңарды эске алып, убактылуу кызматымды орун басарыма өткөрдүм. Ошондуктан бүгүн, арызымды жаздым. Бул менин жеке чечимим. Бүгүндөн баштап, төрагалык бош», — деди Талант Мамытов.

Ошондой эле, Талант Мамытов парламенттин ишмердүүлүгүнө өз салымын кошконго аракет кылганын, өлкөнү өнүктүрүү үчүн маанилүү чечимдерди, мыйзам долбоорлорун, анын ичинде жаңы Конституцияны кабыл алышканын кошумчалады.

Ал 2020-жылдын 24-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланган. Жыйынга катышкан 100 депутаттын баары Талант Мамытовдун талапкерлигин колдоп берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...