• Башкы бет
  • Бактенде аскер кызматкери өзүнүн көкүрөк тушуна атып алган
15:15, 2022-ж., 5-октябрь

Бактенде аскер кызматкери өзүнүн көкүрөк тушуна атып алган

Бактенде аскер кызматкери өзүнүн көкүрөк тушуна атып алган

Коргоо министрлигинин Баткен облусундагы «Илбирс» атайын бөлүгүнүн аскер кызматкери өзүнүн көкүрөк тушуна ок чыгарып алды. Бул тууралуу маалыматты «Т-Медиага» аталган министрликтен тастыкташкан.

Окуя бүгүн түнкү саат 00:30да болгон. Анда Коргоо министрлигинин Баткен облусундагы «Илбирс» атайын бөлүгүнүн аскери белгисиз себептерден улам өзүнүн көкүрөгүнө атып алган.

Учурда  аскер кызматкери ооруканага жаткырылган. Министрлик окуяга тийиштүү бардык иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын жана анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилерин билдиришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...