14:08
-ж., 29-февраль
Быйыл сентябрь айында Орусиядан Кыргызстанга 21 мигранттын сөөгү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.
Август айында элчилик 31 кыргызстандык мигранттын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшкөн.
Маалыматта элчиликтин көмөгү менен бул айда кыргызстандык мигранттарга 7 млн. 757 150 рубль өлчөмүндө айлык акысы төлөнүп берилгени жазылган.
Элчиликтин жардамы менен кыргызстандык эки жаранды Орусиядан депортациялоо боюча эки сот токтому жокко чыгарылып, миграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган 19 кыргызстандык бошотулган.
Абак жайларда камакта жаткан 83 кыргызстандык жаран менен сүйлөшүү жүрүп, Орусиядагы кыргызстандык активисттер менен жолугушуулар уюшулганы маалымдалган.
Комментарийлер