• Башкы бет
  • Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый кырсык катталат
15:09, 2022-ж., 5-октябрь

Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый кырсык катталат

Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый кырсык катталат

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 5-октябрда Дүйнөлүк банктын Аксель Ван Троценбург баштаган өкүлдөрү менен жолугуп, табыгый кырсыктарга байланыштуу жагдайды, кызматташуу маселелерин талкуулады.

"Ажикеев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктар көбөйүп жатканына токтолуп, Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый мүнөздөгү кырсык катталарын белгиледи. Өлкөдө сел, суу ташкындары жана жер көчкү жүрүү кооптулугу жогору турган аймактар көйгөйгө айланганын, жыл сайын табигый кырсыктар адам өмүрүн алган окуялар менен коштолуп, чыгаша алып келип жатканына токтолду",-деп айтылат расмий маалыматта.

Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...