• Башкы бет
  • Кызматтан кеткен министрлердин ордуна милдетин аткаруучулар дайындалды
21:17, 2022-ж., 4-октябрь

Кызматтан кеткен министрлердин ордуна милдетин аткаруучулар дайындалды

Кызматтан кеткен министрлердин ордуна милдетин аткаруучулар дайындалды

Таалайбек Ибраев энергетика министринин, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин, Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин, Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Алардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Жумуштан алынган министрлер

Мурдагы Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге 13-сентябрда «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш иши козголгон. Ал өзү муну четке кагып, бул атын каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептей турганын билдирген. Бүгүн президент Бекмурзаевди кызматтан алган жарлыкка кол койду.

Мурдагы Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын түнү пара алууга шек саналып кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ага карата чет өлкөлүк студенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алууда ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жаткан. 3-октябрда министрди кызматтан алган чечим чыкты. 

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп 2021-жылы дайындалган. Ал өз арызынын негизинде иштен алынды. 

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматына былтыр августта дайындалган. Бүгүн өзүнүн берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...