• Башкы бет
  • Мобилизация боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда
21:15, 2022-ж., 4-октябрь

Мобилизация боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Мобилизация боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда мобилизацияга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 3-октябрда сунушталган өзгөртүүлөрдү карап, биринчи окууда кабыл алды.

Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиевдин айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган.

«Баткенде эл менен жолукканда керектүү маалда өз каалоосу менен мобилизация боло турган норманы суранышты. Экинчиден, жаш курагы боюнча категорияны алып салуу. Ошол жерде бир топ тажрыйбасы бар, аскердик жактан даярдыгы бар мергенчилер бар экен. Бирок алар мобилизацияга туш келбейт экен. Анткени бизде жоокерлердин, офицердик курамда жашы боюнча чектөөлөр бар. Айрым учурларда чек аралаш аймактарда деп өзүнчө киргизип жатабыз, ошол жакта керек болгон учурда жаш курагы боюнча чектөөнү алып салууну сунуштап жатабыз. Биз аларга мыйзам менен мүмкүнчүлүк берип жатабыз«.

Мындан тышкары курал берүүгө байланыштуу мыйзамга да өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Депутат Адахан Мадумаров мыйзамды кайсы бир райондорду гана эмес, Кыргызстандын бардык чектеш аймактарына ылайык келгидей өзгөртүү зарылдыгын айтса, Кундузбек Сулайманов мобилизация боло турган жарандардын жашын так белгилеп коюуну сунуштады. Эл өкүлү 60-65 жашка чейин деп көрсөтүү зарыл экенин айтууда. Маматалиев бул маселени Коргоо министрлиги аныктай турганын айтты.

Мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыкан депутаттардын арасында Марлен Маматалиевден тышкары Талант Мамытов, Нурбек Сыдыгалиев, Мурадил Сыдыков, Суйунбек Омурзаков, Жаныбек Абиров, Фархат Исмаилов, Айбек Маткеримов, Шайырбек Ташиев, Алишер Козуев, Женишбек Токторбаев, Ырысбек Атажанов, Омурбек Бакиров, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Ажибаев, Нурлан Азыгалиев, Жалолидин Нурбаев, Нурланбек Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Акбөкөн Таштанбеков жана Тазабек Икрамов бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...