• Башкы бет
  • Физика боюнча Нобель сыйлыгы Франция, Австрия, америкалык окумуштууларга ыйгарылды
21:08, 2022-ж., 4-октябрь

Физика боюнча Нобель сыйлыгы Франция, Австрия, америкалык окумуштууларга ыйгарылды

Физика боюнча Нобель сыйлыгы Франция, Австрия, америкалык окумуштууларга ыйгарылды

Физика боюнча Нобел сыйлыгы франциялык Ален Аспе, америкалык Жон Клозер жана австриялык Антон Цайлингерге кванттык механика жаатындагы ачылыштар үчүн ыйгарылды.

Окумуштуулар 10 миллион швед кронасын (902,315 доллар) бөлүп алмакчы.

Бир күн мурда медицина жана физиология тармагындагы жеңүүчү деп швециялык биолог Сванте Паабо аталган. Апта соңуна чейин химия, адабият жана тынчтык сыйлыгынын лауреттары аныкталат.

Экономика боюнча жеңүүчү 10-октябрда жарыяланат.

Сыйлыктар адатта 10-декабрда Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө тапшырылат

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...