• Башкы бет
  • Баткен: 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды
14:47, 2022-ж., 3-октябрь

Баткен: 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды

Баткен: 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды.

134 үйдүн 67си Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарында, 19у Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан.

Буга чейин ӨКМ Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...