• Башкы бет
  • Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну: кыргыз спортчулары 58 медаль утту
14:35, 2022-ж., 3-октябрь

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну: кыргыз спортчулары 58 медаль утту

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну: кыргыз спортчулары 58 медаль утту

Түркиянын Изник шаарында 2-октябрда жыйынтыкталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медалга ээ болушту. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, кыргызстандыктар спорттун 14 түрүнөн катышып,16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медалга ээ болду. Медал алган өлкөлөрдүн тизмеси кандай болгону тууралуу маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.Медалдардын басымдуу бөлүгү Алыш бел боо күрөшүнө таандык. Алыш күрөшүнүн эркин жана классикалык түрүнөн кыргыз балбандары 19 медал тагынды. Анын тогузу алтын, төртөө күмүш, алтоо коло байге.

Көкбөрү боюнча таймашта кыргызстандык улакчылар финалда казакстандык атаандаштарын 5:0 эсебинде жеңип, алтын байге алышты. Улуттук спорттун көкбөрүгө окшош түрү, тайказансыз, эки таймдан ойнолгон, Казакстан көкпар деп атаган жер улактан Кыргызстандын командасы күмүш байге алды (Кыргызстан - Казакстан 3:4).

Андан сырткары таяк тартыштан үч алтын, бир күмүш, эки коло, салтуу жаа атуудан бир алтын, эки коло, күрөштүн бир нече түрүнөн (ашыртмалы жана капышмалы аба күрөшү, казак күрөшү, күраш (өзбек күрөшү), шалвар, пехлавани, май күрөш жана бел боо күрөшү (татар күрөшү)) 20га чукул байге Кыргызстандын спортчуларынын эсебине жазылды.

Мындан сырткары тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн көрсөтмө оюндар болуп өттү.

Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрда жыйынтыкталды. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты. Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду. Мелдештин так датасы азырынча белгилүү боло элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...