14:33, 2022-ж., 3-октябрь

Аба ырайы: жаан жаайт

Аба ырайы: жаан жаайт

4-октябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн ачык болот. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...