• Башкы бет
  • Ош облустук куурчак театрынын 31 жылдыгы белгиленди
17:14, 2022-ж., 1-октябрь

Ош облустук куурчак театрынын 31 жылдыгы белгиленди

Ош облустук куурчак театрынын 31 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 1-октябрда Н. Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата театралдаштырылган оюн-зоок болуп өттү. 

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун куттуктоосу айтылып, анда театрдын жамаатынын чыгармачылыгынын өсүп келе жаткан муунга кошкон салымы белгиленди.

Майрамдык программанын жүрүшүндө көрүүчүлөргө бир катар балдар жомоктору, спектаклдер көрсөтүлдү. Бул иш-чарага интернаттын тарбиялануучулары, аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...