• Башкы бет
  • ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды
17:10, 2022-ж., 1-октябрь

ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Дүйшөмбү аэропортунан кармап, Тажикстандын аймагына киргизбей жатканына байланыштуу кайрылуу таратты. Анда Кыргызстандын жарандарын Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү туурасында расмий кабарлама келбегени айтылат.

Министрлик учурда бул жагдайды иликтеп жатат. Буга байланыштуу мекеме Кыргызстандын жарандарын маселе такталганга чейин Тажикстандын аймагына барбай турууга чакырды.

Ошол эле учурда Тажикстанда жашаган кыргыз жарандарына кысым көрсөтүү, кодулоо сыяктуу мыйзамсыз иштер жасалса, Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине же Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылууну өтүнөт. Ал үчүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине (+996 551 312 000) жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине (+992887782223) байланышса болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...