• Башкы бет
  • ИИМ: Бейшеналиев тергөө учурунда 37,5 миң долларды кайтарып берди
17:05, -ж., 1-октябрь

ИИМ: Бейшеналиев тергөө учурунда 37,5 миң долларды кайтарып берди

Сүрөт "Азаттык" үналгысы

Сүрөт "Азаттык" үналгысы

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын түшүндүрдү.

Анын бөгөт чарасы 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстандын окуу жайларына киргизүүгө убада берип, аларды даярдоо үчүн 100 миң доллар пара талап кылган.

"Бейшеналиев бул сумманы биринчи жолу 28-августта алган. Маселе толук чечиле элек болгондуктан бир нече убакыт өткөндөн кийин ага кайра кайрылышкан. Бул жолу Алмазбек Бейшеналиев кошумча 10 миң доллар пара талап кылган жана ошол акчаны алып жаткан учурда, 28-сентябрда колго түштү", - деп жазылган ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

ИИМдин маалыматына караганда, министр Бейшеналиев 110 миң доллар пара алган жана тергөө учурунда ал сумманын 37,5 миң долларын кайтарып берген.

"Калган сумманы жакын арада кайтарып берүүнү убада кылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...