• Башкы бет
  • Өзгөндө сары таш кени мыйзамсыз казылган
15:01, 2022-ж., 30-сентябрь

Өзгөндө сары таш кени мыйзамсыз казылган

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында эч кимге катталганбаган жер тилкеде сары таш кени кыркылып алынган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Сары-Таш учаскасында 0,20 гектар жер аянты казылып, аталган жерден 2600 куб метрди түзгөн таш кени кыркылып алынган.

«“Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча пландык текшерүү уюштурулуп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Жалпак-Таш айыл аймагынын Сары-Таш участкасындагы “С.Г.” ЖЧКна жана “Б.Т.” ЖЧКна, ошондой эле, “Б.Т.” ЖЧКна жана “А.Р.” ЖЧКна сары-таш кенин казып иштетүү максатында берилген жер тилкелердин ортосундагы эч кимдин укугу катталбаган жерден казылган», — деп айтылат маалыматта.

Ошентип, таш кени мыйзамсыз кыркылып алынгандыгынын натыйжасында мамлекетке 13 миллион сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облустук  прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодесинин 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик”) менен кылмыш иш козголгон. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...