• Башкы бет
  • Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды
13:35, 2022-ж., 29-сентябрь

Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

28-сентябрь күнү Ош облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо жумуштарынын жыйынтыгын чыгарган жана үрөн чарбалардын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңешме болуп өттү. Жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн биринчи орун басары, район акимдери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты, деп айтылат Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн Фейсбук баракчасында.

Маалыматка карараган, жыйында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары оруп жыйноо жумуштарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары, айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча кийинки жылга пландар тууралуу сөз болду.

"Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусу агрардык аймак экенин айтып, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди. Ошондой эле айыл чарбасында органикалык жер семирткичтерди колдонуу, интенсивдүү бактарды көбөйтүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди",-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...