15:35, 2022-ж., 28-сентябрь

Ош: жаңы санитардык полигон курулат

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Ошто жаңы санитардык полигон пайда болот. Бул тууралуу бүгүн сессиянын жүрүшүндө Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди. Учурдагы полигондун жанына жаңы санитардык полигон курулат. Жаңы полигондун пландалган аянты 24 гектарды түзөт.

“Биз 5 жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издеп жүргөнбүз. Бирок таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Иш-чаралар ЕРӨБ долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Бирок, азыр иштеп жаткан полигонду рекультивациялоону европалык стандартка ылайык жүргүзүү зарыл, андан кийин ал жабылат. Андан ары алдын ала долбоор даярдалгандан кийин европалык стандартка ылайык жаңы санитардык полигонду куруу иштери башталат”, - деди С.Жунусбаев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...