• Башкы бет
  • Адахан Мадумаров: Коопсуздук кызматынын жетекчиси Парламентке 2 жашик автомат алып кирди
15:27, 2022-ж., 28-сентябрь

Адахан Мадумаров: Коопсуздук кызматынын жетекчиси Парламентке 2 жашик автомат алып кирди

Адахан Мадумаров: Коопсуздук  кызматынын жетекчиси Парламентке 2 жашик автомат алып кирди

Коопсуздук кызматынын жетекчиси Жогорку Кеңешке 2 жашик автомат көтөрүп киргени жапайычылык. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 28-сентябрдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө эле эмес, Жогорку Кеңеште да түзүлгөн кырдаал жакшы эмес.

«Азыр «Кемпир-Абад кетти» деген сөздөр катуу кетип жатат. Биз өткөндө эле ошол жердеги «беш айыл өкмөттүн тургундары менен жолукмайынча бул маселени токтотуп турсаңар» деп сунуш бердик эле. Макул болгон, ошондо президен дагы, өкмөт дагы отурган. Ошондуктан биз мыйзамдарды кабыл алууну токтотуп турсак. Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси парламентке 2 жашик автомат көтөрүп киргени бул жеткен жапайычылык. Биз, бул ар бир кыймыл аракеттин мыйзамдуулугуна, укуктук тарабына баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак анда ЖК өз ишин аткара албады деп билишибиз керек. Ушул маселелерди күн тартибине киргизип, чекит коюп туруп мыйзамдарды карасак максатка ылайык болот», — деди Мадумаров.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...