• Башкы бет
  • Ошто 26 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды
15:22, 2022-ж., 27-сентябрь

Ошто 26 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды

Ошто 26 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды

26-сентябрда Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө энелердин мээриминин чексиздигине токтолуп, ар бир эне уул-кызын мекенин сүйүүгө тарбиялай турганын баса белгиледи.

“Ар бир эне өз баласын мекенин сүйсө, коомго пайдасы тийсе деп тарбиялайт экен. Апалар жөнүндө эч жаман сөз болушу мүмкүн эмес. Бардык энелер сулуу, мээримдүү жана жүрөгү кең. Балдарды төрөп, өстүрүп, коомго кошуу эбегейсиз эмгек. Биз сиздердин мээнетиңиздерге таазим кылабыз. Оорубаңыздар, дайым бактылуу жашаңыздар, энелердин көз жашы төгүлбөсүн”, - деди мэр.

Бүгүн  Президенттин жарлыгы менен жалпы 14 энеге “Баатыр эне” ордени, 12 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды.

Ошондой эле ар бир айымга Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Буга чейин Ош шаарында 900гө жакын аял “Баатыр эне” орденин, ал эми 120га жакын эне “Эне даңкы” медалын алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...