14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бардык орнотулган тосмолорунун мыйзамдуулугун текшере баштады.
Анын алкагында курулуш компаниялардын сатуу бөлүмдөрү жайгашкан муниципалдык жер тилкелерине, ошондой андагы жарнак такталарынын жана курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тосмолоруна орнотулган жарнак баннерлеринин мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурулууда.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар компанияларга жогорудагы жагдайларды мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилди.
Курулуш ишканаларынын жетекчилери бул иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасап, Ош шаарынын мэриясынын тартипти орнотууга багытталган мыйзамдуу кадамдарын колдой турганын белгилешет.
Комментарийлер