• Башкы бет
  • Дагестанда мобилизацияга каршы митингде 90дой киши кармалды
15:07, 2022-ж., 27-сентябрь

Дагестанда мобилизацияга каршы митингде 90дой киши кармалды

Дагестанда мобилизацияга каршы митингде 90дой киши кармалды

Дагестанда мобилизацияга каршы митингдер кайра жанданып, 90дой киши кармалды: алардын 70и Махачкаладан, калганы Хасавюрттан экенин кабарлады.

«Кавказ.Реалии» билдиргендей, Махачкалада жүздөгөн кишилер көчөлөргө чыгышты. Нааразылыктын катышуучулары менен полициячылардын ортосунда жапырт башаламандык катталды.

Кийинчерээк полиция жана Росгвардия өкүлдөрү Ленин атындагы аянтты курчап, нааразылыкты видеого түшүргөн жаштарды кармап, телефондорун текшеришти.

Хасавюрттагы митингге эки жүздөй киши келди. Полиция аларга күч колдонуп, демонстранттар каршылык көрсөтүштү. Полиция бөлүмүнө жеткирилгендердин арасында «Новое дело» басылмасынын журналисти Идрис Юсупов менен RusNews басылмасынын башкы редактору Сергей Айнбиндер да бар. Айнбиндер кармоо учурунда аны токмоктоп, техникасын тартып алышканын билдирди.

Нааразылык акциясы Нальчик шаарында да болду. Митингчилерге жергиликтүү чиновниктер жолугушту. Алар респубилкадан канча киши Украинадагы согушка тартылары жөнүндө суроого жооп берүүдөн баш тартышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...