• Башкы бет
  • Жалал-Абад мамлекеттик университенен 82 адам жасалма документ менен диплом алганы айтылууда
15:02, 2022-ж., 27-сентябрь

Жалал-Абад мамлекеттик университенен 82 адам жасалма документ менен диплом алганы айтылууда

Жалал-Абад мамлекеттик университенен 82 адам жасалма документ менен диплом алганы айтылууда

Башкы прокуратура Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине текшерүү жүргүзүп, 82 адам жасалма документ менен диплом алышкандыгын аныкташкан.

Алар облус аймагындагы орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн негизинде университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен.

«Дипломдорду алууга негиз болгон буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн текшерүүдө, Жалал-Абаддын райондорундагы билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогорудагы 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштебегендиги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги аныкталган. Башкача айтканда, Жалал-Абад областынын аймагындагы айрым мектептердин директорлору өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектептерде иштебеген 82 бүтүрүүчүлөргө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды киргизишкен», — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 8 581 819 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...