• Башкы бет
  • Чек арадагы куралдуу жаңжал: Танкта күйүп кеткен 3 аскердин сөөгү "Ата-Бейитте" жерге берилди
15:48, -ж., 26-сентябрь

Чек арадагы куралдуу жаңжал: Танкта күйүп кеткен 3 аскердин сөөгү "Ата-Бейитте" жерге берилди

Чек арадагы куралдуу жаңжал: Танкта күйүп кеткен 3 аскердин сөөгү "Ата-Бейитте" жерге берилди

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам, танк ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскер Бишкектеги “Ата-Бейит” комплексинде жерге берилди.

Алар УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилек болгон. Аскерлердин күйүп кеткен сөөктөрүн аныктоого медициналык экспертиза жасалган.

Маркумдарды жерге берүү зыйнатында, чек арада курман болгон башка аскерлер да эскерилип митинг-реквием өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Биз жалпы кыргыз журтчулугу үчүн мааниси терең, Кыргызстанга расмий иш сапарлар менен келген чет өлкөлөрдүн жетекчилери келип урмат кылып, баш ийе турган Ата-Бейитке Баткен чегин коргоп жатып курман болгон баатырларыбызга арнап эстелик-монумент тургузабыз. Бул монументке чек арабызды коргоп жатып курман болгон жоокерлерибиздин бардыгынын ысымдары киргизилет. Ар жылы келип, мамлекет түптөгөн ата-бабаларыбызга, эгемендик үчүн, Мекен чеги үчүн курман болгон жоокерлерибизге таазим кылып, эскерип турабыз. Аларга баатырлар деген наам ыйгарылат» деген Жапаров.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...