• Башкы бет
  • Казакстан аркылуу 40 миң орус жараны өткөнү айтылууда
15:46, -ж., 26-сентябрь

Казакстан аркылуу 40 миң орус жараны өткөнү айтылууда

Казакстан аркылуу 40 миң орус жараны өткөнү айтылууда

Сентябрдын акыркы күндөрүндө Казакстан аркылуу транзит менен Орусиянын 40 миңдей жараны өттү. Негизги багыттар – Кыргызстан менен Өзбекстан.

Соңку беш күндө 6000ге чукул орусиялык Казакстандан аэропорт аркылуу учуп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Миграция комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Аслан Аталыков билдирди.

«Орусиялыктар релокация үчүн биздин аба майданды колдонуп жатышат«, — деди төрага.

ИИМ өкүлүнүн билдиришинче, орус жарандарынын миграциялык агымы – коңшулук жана Казакстандын транзиттик потенциалына байланыштуу.

Маалыматка караганда, быйыл 21-сентябрга чейин Казакстанга кирген-чыккан орусиялыктардын саны 9-12 миң кишини түзүп келсе, 22-сентябрдан тарта Казакстанга келгендердин саны эки эсеге көбөйгөн. Ошол эле маалда ИИМ күн сайын 15-17 миң казакстандык Орусияны көздөй чыгып жатканын белгилейт: Ал жакта алардын туугандары, ата -энелери жашайт, балдары окуйт, бизнес жана башка иштер менен алектенишет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...