• Башкы бет
  • Баткенден эвакуация болгондордун жүз миңге жакыны үй-жайына кайтты
15:05, -ж., 26-сентябрь

Баткенден эвакуация болгондордун жүз миңге жакыны үй-жайына кайтты

Сүрөт "Азаттык" радиосунуку

Сүрөт "Азаттык" радиосунуку

26-сентябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам коопсуз жакка убактылуу чыгып кеткен 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады, деп жазды "Азаттык" радиосу.

Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунда 136 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 адам атайын уюштурулган эвакуациялык жайларда турушат. Алардан тышкары 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 адам коопсуз жайга эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаалдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштерин улантууда. Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жалпы 622 үй жабыркаган болсо анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп түзөөгө муктаж экени аныкталды. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП 323 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...