
14:59, 2022-ж., 26-сентябрь
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке иш сапары менен келди

Бүгүн 26-сентябрда Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш сапары алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен жыйыны өтөт.
Абдулла Арипов менен президент Садыр Жапаров да жолугушат.
Өзбек премьер-министри быйыл апрель айында Ошто иш сапары менен болуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймак башчыларынын жыйынына катышкан. Жыйынтыгында ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча ишти улантуу тууралуу протокол кабыл алынган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер