• Башкы бет
  • Ош шаарына Самарканддан 35 автобус алынып келди
16:32, 2022-ж., 24-сентябрь

Ош шаарына Самарканддан 35 автобус алынып келди

Ош шаарына Самарканддан 35 автобус алынып келди

Ош шаарынын мэриясы менен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун келишимдерине ылайык “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и түштүк борборго келди. Калганы график боюнча 26-сентябрда келет.

Учурда заводдун адистери автобустарга айдоочуларды даярдоону баштады. Айдоочуларды кабыл алуу арыздардын негизинде жүргүзүлдү.

Үйрөтүү процесси менен бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев таанышты. Учурда бул жерде 70 айдоочу даярдалып жатат.

Ошондой эле автобустарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү иштери жүрүп, шаардык автоунаа ишканасы тарабынан зарыл чаралар көрүлүүдө.

Жакынкы арада бул автобустарды линияга чыгаруу пландалууда. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...