14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер минстрлери БУУнун башкы катчысынын орун басары менен Нью-Йоркто жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланган. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тажик ТИМи Сирожиддин Мухриддин маселени мындан ары тынч жол менен чечүүгө даяр экенин билдиришкен.
Алар кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кагылыштан кийин 19-сентябрда кабыл алынган протоколдун алкагындагы макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн айтышкан.
Комментарийлер