• Башкы бет
  • Кыргызстандын жарандыгын 1790 адам кабыл алды
16:19, 2022-ж., 24-сентябрь

Кыргызстандын жарандыгын 1790 адам кабыл алды

Кыргызстандын жарандыгын 1790 адам кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда 1790 жаранды кыргыз жарандыгына кабыл алуу, 25 адамды жарандыктан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарандык алгандардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар. 1433ү чоңдор, 357си балдар.

Ошондой эле, 20 жаран жана 5 өспүрүм жарандыктан чыгарылды.

Быйыл июль айында 1270 адам кыргыз жарандыгына кабыл алынып, 57 киши жарандыктан чыгарылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...