• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгондордун саны 62ге жетти
16:02, 2022-ж., 24-сентябрь

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгондордун саны 62ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгондордун саны 62ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу 24-сентябрда Баткен облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Ал жараат алгандар 198 киши экенин, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтты. Жабыркагандардын 171и эркектер, 14ү аялдар, 13ү балдар. Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үч киши жатат.

Бөрүбеков кагылыш болгон аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, фельдшердик-акушердик пункттар зыян тартканы кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...