
15:24, 2022-ж., 22-сентябрь
Ош шаарына Баткен облусунан келген жарандардын саны 5 миңден ашты

Борбордук аянтта ачылган Ош шаарынын борбордук штабы Баткен облусунан келген тургундарды жайгаштыруу боюнча тынымсыз иш алып барууда. Мында мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жаш активисттер, ыктыярчылар, медицина кызматкерлеринен турган бригада, ошондой эле кичи автобустар жаңы келген жарандарды убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жеткирүүгө даяр турушат.
Убактылуу жайгаштыруу пункттарына мэриянын тиешелүү жетекчилери жана кызматкерлери күн сайын келип, психолог, медицина кызматкерлери тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.
Бул иштерге шаардагы жогорку окуу жайлардын жетекчилиги, бир катар мейманканалардын администрациясы колдоо көрсөтүүдө.
Расмий маалыматтар боюнча, Баткен облусунан келген 2500дөн ашык адам убактылуу жайгаштыруу борборлорунда турат. Алардын көбү аялдар жана балдар. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, Баткен облусунан келип, шаардагы туугандары, достору, тааныштарынын үйүндө жашап жаткан тургундардын саны 5 миңден ашат.
Эгерде Баткен облусунан келген жарандарга жардам бере тургандар болсо, борбордук аянттагы штабга кайрылыңыздар. Штаб 07:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Ар бир жардам маанилүү!
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер