• Башкы бет
  • Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди жабык түрдө кароодо
15:22, 2022-ж., 22-сентябрь

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди жабык түрдө кароодо

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди жабык түрдө кароодо

Жогорку Кеңеш бүгүн, 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди  жабык карап жатат.Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышууда.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов маселе купуя сырды камтыганына байланыштуу жабык өткөрүүнү суранды.

Чек ара кызматынын бүгүн эрте менен тараткан маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бүгүн чек ара аймактарын жарылбаган снаряддардан, миналардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча иштер уланмакчы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...