• Башкы бет
  • Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны жазалоону сунуштады
15:07, 2022-ж., 22-сентябрь

Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны жазалоону сунуштады

Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны жазалоону сунуштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын делегаттарына видео кайрылуу жасап, “тынчтыкты сактоо формуласы” үчүн беш пункт сунуш кылды. Ал ушул шарттарды аткаруу менен согушту токтотуп калууга мүмкүн деп эсептейт.

Зеленский мунун биринчи чарасы катары чек араны бузганы үчүн жана адамдардын өлүмү үчүн Орусияны жазалоону талап кылды.

“Украинага карата кылмыш жасалды жана биз адилеттүү жаза талап кылабыз. Украина биздин аймагыбызды тартып алгысы келгени үчүн жаза талап кылат. Миңдеген адамдардын өлүмү үчүн жаза керек. Аялдарды жана эркектерди басмырлаганы жана кыйнаганы үчүн жаза берүү зарыл. Орусия мыйзамсыз согушу менен бизди эле эмес, бүтүн дүйнөнү олку-солку абалга алып келгени үчүн катастрофалык олку-солкулукту жараткан үчүн жазаланышы шарт”, – деп билдирди Украинанын президенти.

Ал пункттардын экинчиси катары ар бир мамлекеттин өз жарандарынын өмүрүн коргоо укугун, үчүнчүсү катары азык-түлүк жана өзөктүк коопсуздукту калыбына келтирүүнү, аймактык бүтүндүктү сактоону атады. Төртүнчүсу – коопсуздук кепилдиги, бешинчиси – коргонуу жана жардам берүүгө чечкиндүү болуу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...