• Башкы бет
  • Депутат кыргыз-тажик чек арасында каза болгондорго өзүнчө наам киргизүүнү суеуштады
14:21, 2022-ж., 21-сентябрь

Депутат кыргыз-тажик чек арасында каза болгондорго өзүнчө наам киргизүүнү суеуштады

Депутат кыргыз-тажик чек арасында каза болгондорго өзүнчө наам киргизүүнү суеуштады

Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында эл өкүлү Улугбек Ормонов Баткенде кыргыз-тажик чек арасында каза болгондорго өзүнчө наам киргизүүнү сунуштады. Депутат Эл Баатыры наамы эмгеги сиңгендер үчүн да баатырларга да берилип жатканы туура эмес экенин белгиледи.

«Биздин баатырлардын жакындарына көңүл айтам. Юридикалык бөлүмгө тапшырма берилип, тез арада мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизсек жакшы болот эле. Чек арада мамлекеттин бүтүндүгүн карап каза болгондор үчүн өзүнчө наам киргизели. Бизде азыр Эл Баатыры деген гана наам бар. Аны эмгеги сиңгендерге да, баатырларга да ыйгарып жатабыз. Ушул мыйзамды үч окууда тез карап киргизип берсек, президентке да сыйлаганда жакшы болот» — деди Ормонов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...