Атайын тема
Чек арадагы кырдаал: бул рубрикадан Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттердин чек араларындагы соңку окуялар менен таанышсаңыз болот - Таджикистан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай
Иллюстрациялык сүрөт
Баткен жана Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арадаларында 21-сентябрь саат 09:00го карата абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүп жатат. Бул Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өтүп, терс окуялар катталган эмес.
Кечээ УКМК чек ара аймактары жарылбай калган миналардан тазаланып жатканын билдирген. Чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.
Комментарийлер