• Башкы бет
  • Жанар Акаев: Кыргызстан Рим статутун ратификация кылышы керек
14:14, 2022-ж., 21-сентябрь

Жанар Акаев: Кыргызстан Рим статутун ратификация кылышы керек

Жанар Акаев: Кыргызстан Рим статутун ратификация кылышы керек

Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи болгон Рим статуту деген эл аралык келишимди тез арада ратификациялашы керек. Бул сунушту бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев көтөрдү.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, “Алып келиңиздер, парламент жактырып берели” деди.

“Жыл сайын ондогон адамдарыбыз өлүп кетпеши үчүн биз аларды экинчи мындай кол салууга барбай тургандай кадамдарга барышыбыз керек. Өзүңөр билесиңер, Эл аралык кылмыш соту бар. Рим статуту деп коет. Ага Тажикстан мүчө, Кыргызстан азыркы күнгө чейин мүчө эмес. Ошол жерде “Эгер аскердик, агрессиялык кылмыш жасаса, бул эл аралык сотто жооп бериши керек” деп так жазылып турат”, - деп белгиледи Жанарбек Акаев.

Рим статутуна дүйнөнүн 140ка жакын өлкөсү кол койгон, алардын 124ү ратификациялаган. Кыргызстан бул эл аралык документти ратификациялоодон баш тартканын 2015-жылы ошол кездеги парламент депутаты Наталья Никитенко билдирген.

2021-жылы кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган окуядан кийин кыргызстандык юрист, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева баштаган адистер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесин көтөргөн. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...