
14:11, 2022-ж., 21-сентябрь
Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-тажик чек арасындагы каргашаны талкуулашты.
Алар АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында 20-сентябрда жолугушканы президенттин сайтына жарыяланды.
Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" белгиледи. Кагылышуу Кыргызстандын аймагында болгонун билдирди.
Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чек арада адамдар курман болгонуна байланыштуу көңүл айтты.
Эки өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча жигердүү кызматташууну улантууну макулдашты.
20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолгон.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер