• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун зыянын жоюуга 500 миллион сомго жакын акча бөлүндү
14:08, 2022-ж., 21-сентябрь

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун зыянын жоюуга 500 миллион сомго жакын акча бөлүндү

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун зыянын жоюуга 500 миллион сомго жакын акча бөлүндү

Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.

Кыргызстандын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Талас Айдарбек уулу Улуттук телерадиокорпорациянын (УТРК) эфиринде билдиргендей, бул каражат күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармекке жумшалууда.

"Министрлер кабинетине жабыр тарткандарга турак жайларды куруп берүү, тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыздоо, жаңы аскердик жана социалдык объектилерди куруу тапшырмасы берилген. Буга бюджеттен кошумча каражат зарыл болууда. Финансы министрлиги жарлыкты аткаруу максатында кошумча булактарды издеп жатат", - деди Айдарбек уулу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...