• Башкы бет
  • Баткен жана Чоң-Алайдан эвакуацияланган 13 аял көз жарды
14:16, -ж., 20-сентябрь

Баткен жана Чоң-Алайдан эвакуацияланган 13 аял көз жарды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Ошто 20-сентябрга чейин Баткен жана Чоң-Алайдан эвакуацияланган 13 аял көз жарды. Алардын 11и облустук, экөөсү шаардык төрөт үйүндө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Ошко алып келинген жарандардын арасынан облустук төрөт үйүнө 18 кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аял түшкөн. Алардын 16сы Баткенден, экөө Чоң-Алайдан. Бүгүнкү күнгө чейин кош бойлуулардын 11и көз жарды. Экөө операция жолу менен төрөгөн.

«Азыр бизде келген аялдарга жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар бар. Кечээ Баткенден келген аял саат 16:35де уул төрөдү. Азыркы учурда энелердин, балдардын абалы жакшы» — дейт Ош облустун төрөт үйүнүн жетекчиси Асылкан Асанова.

Ал эми, Ош шаардык төрөт үйүндө Баткенден келген бир, Чоң-Алайдан эвакуацияланган бир келин төрөдү.

14-17-сентябрда Баткен жана Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасындагы айылдардан 140 миңден ашык жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...