• Башкы бет
  • Чек ара: кандуу кагылышуу болгон аймактарда саперлор иштеп жатат
14:08, 2022-ж., 20-сентябрь

Чек ара: кандуу кагылышуу болгон аймактарда саперлор иштеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

20-сентябрдан тартып Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саперлор иштей баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы аталган аймактарда жарылбай калган снаряд, мина жана башка жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандыруу ишине киришти.

Зыянсыздандыруу учурунда аймак бөгөлөт жана кайтарууга алынат. Чек ара кызматы чек ара аймактарындагы элди бейпилдикти сактоого, ар кандай чагымдарга алдырбоого жана бардык маалыматтарды жергиликтүү чек ара кызматтарынан тактоого үндөөдө.

Жарылбай калган жардыргыч заттарды зыянсыздандыруу чараларын жүргүзүү Тажикстандын күч кызматтары менен макулдашылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан менен куралдуу кармашта минемоттон жана ракетадан аткылоо болгонун билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...