• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон беш адамдын өздүгү аныктала элек
13:44, 2022-ж., 19-сентябрь

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон беш адамдын өздүгү аныктала элек

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгон беш кишинин тек-жайы тактала элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Жаркынбек Касымбеков Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирип, сөөктөр өлүкканада экенин кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болуп, бери дегенде 163 киши жараат алды. Буга байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүүдө.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Баткенде жабыркагандарга дары-дармектер, кан жеткирилгенин билдирип, кан запасын чогултуу уланып жатканын айтты.

Тажик бийлиги 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...