• Башкы бет
  • Аба ырайы: тоолуу аймактарда жамгыр жаайт
13:41, 2022-ж., 19-сентябрь

Аба ырайы: тоолуу аймактарда жамгыр жаайт

Аба ырайы: тоолуу аймактарда жамгыр жаайт

Кыргыз гидрометкызматы 20-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтө турганын кабарлады. Күндүз Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 28...32,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32°.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...