• Башкы бет
  • Баткендеги кагылышууда жабыркагандар үчүн 26 миллион сом чогулду
13:32, 2022-ж., 19-сентябрь

Баткендеги кагылышууда жабыркагандар үчүн 26 миллион сом чогулду

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунун элин колдоо эсебине 19-сентябрь саат 10:00гө карата 26 миллион 72 миң 750 сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстадын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы билдирди.

Бул сумма кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчун ачылган атайын эсептеги каражат.Кыргыз-тажик чек арасындагы калабада жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү бардык аймактарда уланып жатат.

Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...