• Башкы бет
  • ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга кабатырлануусун билдирди
17:20, 2022-ж., 17-сентябрь

ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга кабатырлануусун билдирди

ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга кабатырлануусун билдирди

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууга кабатырлыгын билдирди, деп жазат "Азаттык" радиосу.

Уюмдун Баш катчылыгы тараткан билдирүүдө чек арада эки тараптан тең адам өлүмүнө, турак жай, социалдык объекттердин кыйроосуна алып келген куралдуу жаңжалды сынга алары жазылган. Анда мерт болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жана ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууну кубаттайбыз. Бул татаал чек ара маселесин чечүүдө чыңалууну төмөндөтүп, кырдаалды курчутпоонун тынч жолдору табыларына ишенебиз. Күч колдонуу туура эмес, карама-каршылыкты жоюу үчүн саясий-дипломатиялык гана ыкмалар колдонулууга тийиш", - деп жазылган анда.

Уюмдун катчылыгы азыркы жарашуу узак мөөнөттүү жана туруктуу болоруна ишенерин маалымдап, чатакты бир үстөлгө отуруп, тынч чечүүгө үндөгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...