• Башкы бет
  • Баткенге 100дөн ашык дарыгер Бишкектен барды
17:14, 2022-ж., 17-сентябрь

Баткенге 100дөн ашык дарыгер Бишкектен барды

Баткенге 100дөн ашык дарыгер Бишкектен барды

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жеринен жардам берүү үчүн Баткенге 89, Раззаковго 37 дарыгер Бишкектен барганын кабарлады.

Аталган министрликтин Жарандык коргоо секторунун башкы адиси Кубанычбек Калмаматов "Азаттыкка" дарыгерлерден тышкары чек ара аймактарында жабыркаган элге психологиялык жардам көрсөтүү максатында психиатрлардын эки бригадасы барганын айтты.

17-сентябрь 11:30дагы маалыматка караганда жалпы жарадар болгондордун саны 103 адам, алардын 27си Бишкекке алынып келди. Талап кылынган операциялар жасалып, эки киши реанимацияда. Баш калаага келген жарадарлардын жетөө жаш балдар. Эң кенжеси бир жашта экенин Калмаматов билдирди.

16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...