• Башкы бет
  • Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрылуусу
17:06, -ж., 17-сентябрь

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрылуусу

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрылуусу

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу бүгүн, 17-сентябрда кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы куралдуу чыр-чатакта Мекен чегинде курман болгон адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ал маркумдар бүткүл Кыргызстандын сыймыктуу уул-кыздарына айланганын белгилеген.

"Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту. Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин! Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем. Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем.

Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем", - деп жазды президент Жапаров.

Садыр Жапаров Тажикстан тараптан да оор жоготуулар болгонун белгилеп, чек ара, жер талаш маселеси кан менен коштолуп келгенин эскертип кеткен.

"Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз. Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!" деген президент Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы такталып бүткөндөй эле, Тажикстан менен да чек араны ыкчамдатып чечүү аракети токтобой турганын бекемдеген.

16-сентябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганын, кийинчерээк кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча тажик тараптан аткыланганын кабарлаган

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...