• Башкы бет
  • Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча эки тараптын расмийлери сүйлөштү
17:01, 2022-ж., 17-сентябрь

Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча эки тараптын расмийлери сүйлөштү

Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча эки тараптын расмийлери сүйлөштү

Оштун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки өлкөнүн Чек  ара кызмат башчылары Уларбек Шаршеев (Кыргызстан) менен Ражабалы Рахмонали (Тажикстан) телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.

Чек ара кызматы сүйлөшүүнүн жыйынтыгында саат 14:20га карата маалымат боюнча, тажик тарап Чоң-Алайдагы чек арачылардын позициясын аткылоону токтотконун кабарлады.

Ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын жана Баткен районундагы Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын маалымдады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...