• Башкы бет
  • Чек ара: Чоң-Алай районунун чек арага жакын аймактарындагы 5 миңден ашык адам эвакуацияланды
16:58, 2022-ж., 17-сентябрь

Чек ара: Чоң-Алай районунун чек арага жакын аймактарындагы 5 миңден ашык адам эвакуацияланды

Чек ара: Чоң-Алай районунун чек арага жакын аймактарындагы 5 миңден ашык адам эвакуацияланды

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 5034 адам эвакуацияланган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар мечиттерге жана жакындарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. 

Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө. 

Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган. 

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна керектүү буюмдар бөлүнүп берилген.

Чоң-Алай районунун 3 айылындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын бүгүн, 17-сентябрь саат 12:37де Тажикстан тарап миномет жана артиллериялык куралдар менен аткылай баштаган. 

Саат 14:30га катара эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин ок атуу токтотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...