• Башкы бет
  • Чек арадагы кырдаал: кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 42 адам жараат алды
16:30, 2022-ж., 16-сентябрь

Чек арадагы кырдаал: кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 42 адам жараат алды

Чек арадагы кырдаал: кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 42 адам жараат алды

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 15.00гө карата жалпысынан 42 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн билдирди.

Алардын ичинен 19зу Баткен облустук бириккен ооруканасына, 18 жабырлануучу Лейтектеги ооруканага жаткырылды. Калган бешөө Бишкекке жеткирилди. Министрлик бейтаптардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Ошондой эле Улуттук госпиталдын нейрохирург, жалпы хирург, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог, торакалдык хирург, орто медициналык кызматкерлерден турган үч медициналык бригада жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге учуп барды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...